• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку соттун жаңыдан шайланган судьясы парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште талапкерлиги КР Президенти тарабынан сунушталган Молдакунов Айбек Карыбекович депутаттардын басымдуу добушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланып, парламентте ант берди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин Ысык-Көл облустук сотунда судья болуп иштеген.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун жаңы судьясы парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий