• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгал районунда ат туризми боюнча фестиваль өтөт

Аймак 0

Бишкек, 05.07.23./Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында 21-июлдан 23-июлга чейин алгачкы жолу Кызарт-Килемче-Соң-Көл ат туризми боюнча фестиваль өтөт.

Туризм департаментинен билдиришкендей, фестивалдын максаты - жергиликтүү калктын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, жергиликтүү туризм ишмердүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, биринчи күнү Кызарт айылында фестивалдын салтанаттуу ачылышы, концерт, шырдак-шоу, улуттук тамак-аш жана суусундуктардын көргөзмө-жарманкеси, улуттук оюндар пландалган. Экинчи күнү Килемче жайлоосунда ат, жөө, джип жана вела турлар өткөрүлмөкчү. Үчүнчү күнү Соң-Көл жайлоосуна келүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий