• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери 14 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 14 телерадиоканалга жана 3 телерадиоберүү операторуна пландуу көчмө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү "КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамдарына жана "Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө" жобосуна ылайык жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө "312 КИНО", "312 Музыка", "312 ТВ", "Европа плюс Кыргызстан", "СуперТВ" жана "7 канал" телерадиоканалдарын, ошондой эле "АйТВ КЖ" ЖЧК, "Ала ТВ" ЖЧК телерадиоберүү операторлорун текшерүүнүн жүрүшүндө колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталган.

КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, министрлик тарабынан "312 кино", "312 ТВ" жана "Любимый" телеканалдарына, ошондой эле "АйТВ КЖ" жана "Ала ТВ" ЖЧК телерадиоберүү операторлоруна жалпы 115 миң сом айып пул салынды.

Ал эми "Европа плюс Кыргызстан", "Супер ТВ" жана "7-канал" телерадиоканалдарынын дарегине аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жазма буйруктар чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий