• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте миграциядан жабыркаган аялдарга колдоо көрсөтүү форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкекте Чүй облусунда жашаган миграциядан жабыркаган аялдар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүү форуму болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Форум мекенине кайтып келгенден кийин үйүндө калууну чечкен мигрант аялдар дуушар болуп жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү маселелери көз каранды болгон жооптуу адамдар менен жолугушуп, ачык жана жемиштүү баарлашуу үчүн, мамлекеттин жана коомдук уюмдардын кандай механизмдери жана инструменттери бар жана эмне үчүн алар дайыма эле натыйжалуу боло бербей жатканынын себептерин талкуулоо аянтчасын түзүп берүү үчүн уюштурулду.

"Бүгүнкү иш-чара, өзгөчө аялдардын миграциядан кайтып келиши жана алардын балдары менен бирге болушу бүгүнкү күндө абдан актуалдуу. Биздин Министрлик бул маселелердин үстүндө иштеп, миграциядагы аялдар өзгөчө орунду ээлеген Миграция саясатынын Концепциясынын иш-чаралар планын ишке ашыруудабыз”, - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева миграцияга кетип, үй-бүлөсүнө жана өлкөсүнө инвестиция салып жаткан аялдардын абалы тууралуу эскертип, аларды колдоо керектигин айтты.

Форумдун катышуучулары төмөнкүдөй маселелерди талкуулашты:

  • Мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашырууда аялдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү үчүн эмнени жакшыртуу маанилүү?
  • Үйүнө кайтып келген аялдарга иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматтарына түздөн-түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө эмне тоскоол болуп жатат?
  • Чүй облусунда мекенине кайтып келген мигрант аялдар өз үй-бүлөсүн татыктуу жашоо менен камсыз кылууга акча табуусу үчүн коммуникацияларды кантип жана ким менен куруусу зарыл?

"Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалдарга кабылган энелерди колдоо боюнча мүмкүн болушунча көбүрөөк кызматтардын түзүлүшү, мигрант аялдарды жана алардын балдарын колдоо боюнча кызматтар, жана алар үчүн жумуш орундарынын түзүлүшү абдан маанилүү. Ошондо ата-энелерге балдарын калтырып кетүүсүнүн зарылчылыгы болбойт", - деди Балдардын укугун коргоочулар лигасы» Коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева, КР ЭМУнун башчысы Б. Молдобаева, Чүй облусунда жашаган миграциядан жабыркаган аялдар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучулары миграцияга тартылган аялдардын коомчулуктардын социалдык-экономикалык турмушуна толук кандуу катышуусуна жана Кыргызстандын ичинде жана бара турган өлкөлөрдө өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашырууга көмөктөшө турган спектаклди көрүштү.

Форумдун жыйынтыгында өз мекенинде көйгөйлөргө дуушар болгон миграциядан жапа чеккен аялдардын реалдуу учурларынын мисалдарын колдонуу менен алардын мамлекеттик органдар жана бизнес чөйрөсү менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде иштелип чыккан сунуштар жана рекомендациялар түзүлдү. Алар аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн үй шартында мүмкүн болушунча оңой реинтеграцияланышына, оор турмуштук кырдаалдарды жеңүүгө жана жаңы кесиптик жана социалдык компетенцияларга ээ болуусуна мүмкүндүк берет.

Форум Норвегиянын тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен Эл аралык миграция уюму тарабынан каржыланып, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" Коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Миграциянын контекстинде аялуу аялдарга карата жүрүм-турумду өзгөртүү (коомчулуктун деңгээлинде) жана мигранттардын аялуулугуна улуттук реакцияларды күчөтүү” долбоорунун алкагында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий