• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда банк секторунун суммардык активдери 1,1% өстү

Экономика 0


Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда банк секторунун суммардык активдери 2024-жылдын башынан тартып 1,1% өстү. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

2024-жылдын 31-январына карата абал боюнча, Кыргызстандын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 319 филиалы иштеп турган.

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 2024-жылдын башынан 0,3% азаюу менен 256,9 млрд сомду түзгөн.

"Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы жыл башы менен салыштырганда өзгөргөн жок жана 431,3 млрд сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий