• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нью-Йоркто Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү дайындалды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Сабыр Рахматов Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сертификатты палатанын президенти Темир Сариев тапшырды.

Жакынкы арада Нью-Йоркто КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачуу пландалууда, ал эки өлкөнүн бизнес коомчулугун илгерилетүү жана колдоо борборуна айланат.

"Өкүлчүлүктүн негизги милдети Кыргызстан менен Нью-Йорктун бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу бизнес өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформа түзүүгө багытталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР Соода-өнөр жай палатасынын Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүнүн кеңсеси Нью-Йорктун компаниялары менен ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө кызыкдар болгон республиканын бардык ишкерлери үчүн ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий