• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери 83 баш асыл тукум кунаажын лизингге берилди

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 83 баш асыл тукум кунаажын жеңилдетилген насыя менен лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, берилген малдын баасынын жалпы суммасы 18 млн 787 миң 500 сомду түзөт.

Күрөң швиц, симментал жана мобельярд породасындагы асыл тукум кунаажындар Австрия, Чехия жана Германиядан алып келинген.

Пикир

Оставить комментарий