• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери КРнын аймагында 1,5 миң өрт катталып, 35 адам жабыркады

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Республика боюнча биринчи жарым жылдыкта 1 миң 593 өрт катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ӨКМдин өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоонун 522си өрт менен этият мамиле кылбагандыктан келип чыккан.

“Ага байланыштуу бардык жарандарды сак болууга чакырабыз. Кичинекей эле нерседен чоң кырсык чыгып кетиши мүмкүн”, - деп билдиришти алар.

Жыл башынан бери катталган өрттөн 35 адам жабыркаган, алардын бирөө жаш бала.

“ӨКМнын өрт өчүрүү бөлүмүнүн күчү менен 56 адам куткарылган.

Пикир

Оставить комментарий