• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Мамкурулуштун экспертизасынын электрондук порталына 143 арыз түшкөн

Коом 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10 айында Мамкурулуштун мамэкспертизасынын электрондук порталына 143 арыз түшкөн. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, санариптештирүүгө ылайык, 2020-жылдын башынан долбоорлоо-сметалык документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүү үчүн электрондук форматта 143 арыз түшкѳн.

Жалпы электрондук форматтагы арыздардын ичинен 64 долбоордун эксперттик корутундусу берилген, 47 долбоор жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилген, 32 учурда кароодо турат.

Бүгүнкү күндө порталда 283 колдонуучу катталган. Күн сайын "Бирдиктүү терезе" бөлүмү жана санариптик трансформацияны уюштуруу жана мамлекеттик мамэкспертиза департаментинин мониторинги бөлүмү консультациялык кызматтарды жана электрондук портал менен иштөө боюнча буйрутмачыларга техникалык колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий