• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлиги сөз эркиндигине каршы мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сөз эркиндигине каршы келген мыйзамдарды кабыл алууга мораторий киргизүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, кийин өзгөртүү киргизилип калбашы үчүн мораторий бир убакытка чейин деп белгиленбеши керек.

“Мораторийдин чектелген убактысы болбошу керек”, - деди ал.

Ал сөз эркиндигине каршы келген мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин белгилеп өттү.

“Сөз эркиндигин сактоо керек. Согуш же башка нерсе болсо, ал башка иш. Анда кырдаал башка болот. Учурда бизде абал турукташып калды. Биз журналисттер үчүн шарттарды жакшыртышыбыз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий