• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Англияга иштөөгө 7 миң кыргызстандык анкета тапшырып, 700дөйү толук тандоодон өттү — Акматбеков

Коом 0


Бишкек, 16.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Англиянын айыл чарба жумуштарына иштөө үчүн 7 миң кыргызстандык анкета тапшырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандыктарды Англияга жумушка кабыл алуу жүрүп жатат.

“Жумушчуларды тандоо процессин толук Британия тарап жүргүзөт. Министрлик, анын ичинде биздин борбордун буга тиешеси жок. Учурда 700дөй адам толук тандоодон өтүп, май-июнь, июль айларында учуп кетүүгө даярдык көрүүдө. 19-майда Англияга 165 жаранды салтанаттуу жөнөтүү боюнча иш-чара өтөт”, - дейт ал.

Акматбеков кошумчалагандай, Түштүк Кореяга акыркы төрт ай ичинде 300дөн ашуун жаран учуп кетти.

“Кечээ 118 адамды жумуш менен камсыздоо боюнча кошумча келишим келди. 2022-жылкы Түштүк Корея Кыргызстанга 1 миң 900 квота бөлгөн. Ошондой эле июнга чейин корей тилин билүү боюнча тест жүрүп жатат. Ага 1 миң 500 кыргызстандык катышарын билдирген”, - деди аталган борбордун директору.

Кубандык Акматбеков Финляндия жана Японияга кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий