• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кетти

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткендигин УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалымдаган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан тиешелүү текшерүү жүргүзүлуп, ошондой эле эл өкүлү Жанар Акаев, Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак беришти.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өзү жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн КР УКМКга бир нече жолу чакырылган, бирок, жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

УКМКга келип түшкөн маалыматтардын негизинде депутат Э. Жамгырчиевдин Кыргызстандын аймагында жок болушу, анын өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшүнөн жана ал башка өлкөнүң аймагында болуусунан кабар берет.

Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Э. Жамгырчиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар адамдарга КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий