• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылдын аягында бюджеттин кирешеси 557,5 млрд сомго жетүүсү күтүлүүдө — Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Финансы министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджеттин негизги жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, консолидацияланган бюджетинин ресурстары акыркы жылдары кыйла өсүүдө.

2005-жылдан 2010-жылга чейин, 6 жылдын ичинде өсүш 66,1 млрд сомду түзгөн. Орточо жылдык өсүш 11 млрд сом болгон.

Ошондой эле 2010-жылдан 2017-жылга чейин, 8 жылдын ичинде 133,1 млрд. сомго өскөн. Орточо жылдык өсүш 16,6 млрд сом болгон. 2017-жылдан 2020-жылга чейин өсүш аз болуп 18,2 млрд.сомго жеткен.

Ал эми консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын олуттуу өсүшү 2021 – жылдан башталган (65,3 млрд сом). 2022-жылы көрсөткүчтөр олуттуу суммаларга жетти – 442,8 млрд. сом. Бир жылдын ичинде өсүш 129,7 млрд сомду түздү.

"2023-жылдын бюджети бекилип жатканда ресурстар 503,4 млрд сом деп пландалган. Ушул жылдын 6 ай жыйынтыгы боюнча ресурстар жылдын аягына чейн 557,5 млрд сомго жетүү күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий