• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Жамалдинов швециялык депутаттар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-апрель күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Швеция парламентинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, экосистеманы сактоо менен туризмди өнүктүрүү сыяктуу маселелер боюнча сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы Швеция парламент өкүлдөрү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген БУУӨПтүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары да кызматташууга долбоорлордун ишке ашуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий