• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

1-майда Бишкекте ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн автопарады өтөт

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. 1-майда Бишкекте ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн автопарады өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КРнын ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, парадга 50 унаага 40 өндүрүш ишканасын топтоо пландалууда, алардын арасында балчылар, түрдүү тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөр, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар жана башкалар болот.

“Бул өндүрүшчүлөр үчүн майрам болот. Биз Кыргызстанда кандай продукциялар өндүрүлө турганын, кандай өндүрүшчүлөр бар экенин көптөр билишин каалайбыз”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал быйылкы парад былтыркыга салыштырмалуу бир топ кызыктуу болооруна ишендирди. “2016-жылы биринчи жолу автопарад өткөн, анда 30 өндүрүш ишканасы катышкан. Бул жылы кызыктуу жана сапаттуу өткөрүүнү пландап жатабыз”,-деди Б.Дегенбаев.

Автопарад саат 11 де Түштүк магистралдагы “Ала-Тоо” ресторанынын жанынан башталып, андан ары Бишкектин борбордук көчөлөрүн аралап өтүп, “Аю Гранд Комфорт” соода борборунан токтойт.

Пикир

Оставить комментарий