• 88.68
  • 95
  • 0.95

14-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Эртең, 14-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын мезгил-мезгили менен, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөнүндү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Баткенде, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий