• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

15-июлга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-июлга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Бүгүн, 10-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

11-июлда күндүз жана 12-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 13-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 13-июлда күндүз жана 14-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чолпон-Ата шаарында 10-11-июль күндөрү түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 11-июлда күндүз жана 12-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-июлда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий