• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

15-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 15-майда Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26...+31, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл облусунда +20...+25, Нарын облусунда +19...+20 градус жылуу болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +27...+29 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий