• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

16-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 16-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -3…-8, Талас облусунда -6...-11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...-6, Ысык-Көл облусунда 0...-5, Нарын облусунда -10...-15 градус суук болот.

Бишкекте абанын темпуратурасы -4...-6 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий