• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2-майга карата КР аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Эртең, 2-майда өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20 градус жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий