• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

2020-жылы Европа биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форуму өтөт

Саясат 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. 2020-жылы Европа биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, экономикалык форум Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлмөкчү.

"2020-жылы Кыргызстанда I экономикалык Европа биримдиги - Борбордук Азия экономикалык форумун өткөрүү пландалууда. Форумду өткөрүүнү Кыргызстан демилгелеп чыгууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий