• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

26-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 26-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Талас облусунда +33...+38, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл облусунда +29...+34, Нарын облусунда +30...+35 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +37...+39 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий