• 88.68
  • 95
  • 0.95

5-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. 1-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактырында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл аквоториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Нарын облусунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

5-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5 январларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий