• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

5-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Эртең, 5-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу болот,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,

Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий