• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Миңге жакын бишкектик мектеп окуучулары “Тынчтык көгүчкөнү” акциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Миңге жакын бишкектик мектеп окуучулары Жарандык бирикме жана тарыхый-маданий мурасты сактоо боюнча ”Жеңиш мураскерлери” эл аралык бирикмеси” уюму тарабынан демилгеленген “Тынчтык көгүчкөнү” шаардык акциясына катышты.

Акция эл аралык коомчулуктун өлкөлөрүндө өткөрүлгөн Эл аралык тынчтык күнүнө арналган.

Акциянын максаты жана милдеттери – өсүп келе жаткан муунда маданий-тарыхый мурасты сактоонун негизинде патриоттуулук жана интернационалдуулук сезимин тарбиялоо, муундардын арасындагы байланышты сактоого, улуттар аралык сүйлөшүүнүн жогорку маданиятын түзүүгө көмөктөшүү.

Окуучулар асманга И.Дунаевскийдин “Летите голуби, летите” ырынын коштоосунда шарлар менен көгүчкөндөрдү учурушту.

Пикир

Оставить комментарий