• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айрым аймактарда дарыгерлердин санын көбүрөөк айтып, үстөк төлөмдү алууга аракет жасашкан - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Айрым аймактарда үстөк төлөмдөрдү алуу үчүн медкызматкерлердин санын көбүрөөк айтып койгон учурлар байкалды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер апрель айынын айлыгын жана үстөк төлөмдөрүн убагында алат. "Март айынын айлык акысы жана үстөк төлөмдөр убагында берилбей жатты. Мындай жагдай кээ бир райондордо медкызматкерлер туурасында жалган маалымат бергенден улам пайда болду. Алар атайын үстөк төлөмдөрдү алуу үчүн дарыгерлердин санын көбүрөөк айтышкан. Бирок, бүгүнкү күндө бул маселе чечилди", - дейт Боронов.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти. Алардын ичинен 32 дарыгер илдетти жуктуруп алды.

Ал эми 25 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылса, төрт адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий