• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жарандардын ишеним деңгээли боюнча өз көрсөткүчүн жакшырта алды.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу калктын министрликке болгон ишеними 24,9%дан 30,5%га көтөрүлгөн. Бул 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келген элдин ишеним көрсөткүчүнүн эң жогорку көрсөткүчү.

Ведомствонун ишмердүүлүгүнө болгон жеке жарандардын ишеними 42,7%дан 47,9%га жогорулаган. Ал эми министрликтин жумушунун сапатына болгон ишеним салыштырмалуу 8,6%га жогорулап, 34,3%ды түздү.

Билим берүү жана илим министрлигинин системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алып барылып жаткан жумушту да оң баалашкан. Бул боюнча көрсөткүч 8,6%га жогорулаган.

12 министрликтин ичинен Билим берүү жана илим министрлиги жетинчи орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий