• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыркы маалыматтар: 1 437 адамдан COVID-19 табылып, 9 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 437 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 924, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 85, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 87 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 568 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 315, Ош шаарында – 65, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 33, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 58, Баткен облусунда – 13 бейтап оорудан айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 126 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 589 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 34 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 5, үй карантинден 13 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 614 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 979 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 132 миң 70 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 113 миң 212 киши айыгып чыкса, 2 миң 46 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий