• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Оорудан айыккан адамдын организми кандай өзгөрүүлөргө дуушар болот?

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде коронавирустан айыгып чыккан адамдын организми кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, COVID-19 өнөкөт оору катары каралбайт, анткени бул вирустук инфекция болуп, курч мүнөздө өтүп кетет.

"Лабораториялык жактан вирус жок экендиги тастыкталгандан кийин гана бейтапты ооруканадан чыгарабыз. Сакайып чыккандардын маалыматына караганда, алардын организминде абдан деле чоң өзгөрүүлөр байкалган жок. Айыгып чыккандардын артынан көзөмөл жүргүзүп турабыз", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий