• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Таш-Дөбө, С.Чокморов, Малиновка жана Байгелди айылдарында кылмыштуулукту алдын алуу максатында жарандарды кабыл алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 36 турак жай текшерилип, ар кандай социалдык суроолор боюнча үч арыз алынып, 24 тургунга жеринен юридикалык жардам берилген. Кайрылууларда ар кандай социалдык суроо-талаптар менен кайрылышып, аларга жеринен юридикалык жардамдар берилген.

Ошондой эле 28-ноябрда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо өткөрүү учурунда ар кандай үгүт иш-чараларында аныкталган укук бузууларды жана добуш сатып алуу фактыларына күбө болгондорду ички иштер органдарына кабарлоосу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болорун айтышып, уурулук жана башка кылмыш иштери боюнча алдын алуу иш-чаралары да жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасында жарандардан эки кайрылуу түшүп, алар өз убагында тиешелүү органдарга жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий