• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Алименттин өлчөмүн жогорулатуу чаралары демилгеленүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Статистикалык маалыматтарга таянган Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын форуму, - жылына ажырашкан үй – бүлөлөрдүн саны 10 миңден ашаарын айтып, андай абалдагы балдардын келечегине тынчсызданып, алименттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Анын мааниси Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин сентябрдагы отурумунда түшүндүрүлдү.

Демилгечи топтун атынан баяндама жасаган депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, бул ирет алименттин өлчөмүн жогорулатуу жагы демилгеленүүдө. Башкысы, балдардын кызыкчылыгын коргоо приоритети турат. Ага карабай алимент төлөөдөн качкандардын эсеби 40 миңден ашкан. Анын 92%ы эркектер болсо, 8%ы аялдар.

1990 – жылы кабыл алынган алименттер тууралуу мыйзамга ошондон бери бир дагы өзгөртүү киргизиле электиги белгилүү болду.

Балдардын минималдык жашоо керектөөлөрүн аныктаган суммадагы алиментти төлөбөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароо зарылчылыгы жаралууда. Убагында алимент менен эсептешпегендерди ата – энелик укуктарынан ажыратуу маселеси да ойлондурат, - дейт депутат.

Ошондой эле баланын Кыргыз Республикасынын аймагынан дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга убактылуу чыгып кетүүсүнө зарылчылык ;жаралса, ата - энелердин ортосундагы талаш - тартыш болгон учурда сот ишти өндүрүшкө кабыл алган учурдан тартып бир айдан кеч эмес мөөнөттө карап, талаш - тартышты чечет. Мында бала үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөө ата - энелердин биринин арызынын негизинде соттун чечими боюнча жүргүзүлөт, - деп сунушталууда.

Талкуунун жыйынтыгында алименттер жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырган Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет аталган мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий