• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ажылык-2019: Авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынак аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-январь күнү саат 17:00дө 2019-жылы зыяратчыларды ажылык сапарга ташуу боюнча Кыргызстандын жана Сауд Аравиясынын авиакомпаниялары арасында жүргүзүлгөн сынак аяктады. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Сынак 2018-жылдын 28-декабрында башталган.

Муфтияттан билдиришкендей, сынакка бир эле компания документ тапшырган.

"Бүгүнкү күндө конкурска бир гана flynas (Флайнас) авиакомпаниясы документ тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2019-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо 2019-жылдын 31-январына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий