• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Азия оюндары 2017: Кыргызстандын байге куржунунда 30 медаль бар

Спорт 0

Бишкек, 22.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча оюндарында учурда КРдин эсебинде 30 медаль болду.

Оюндун расмий сайтында маалымдалгандай, кечээ, 21-сентябрда жабык имараттагы таймаштарда кыргыз спортчулары дагы 4 медаль утканга жетишкен.

Тилек Куралов казак күрөшү боюнча 90 кг жогору салмак категориясында ат салышып, алгач Индия жана Монголиялык спортчуларды жеңип, финалда казак спортчусунан утулуп калган. Ошентип Куралов күмүш медаль тагынды.

Ушул эле спорттун түрү боюнча Мирлан Эралиев 70 кг чейинки салмак категориясында мелдешке чыгып, коло медалга татыган.

Иран күрөшү боюнча кармашта Айдарбек Айтиев коло медаль багындырды.

Ат оюндары боюнча беттеште Камиль Сабитов Ahal Teke Cup тартиби боюнча коло багындырды.

Ошентип учурда кыргыз спортчуларынын байге куржунунда 2 алтын, 10 күмүш жана 18 коло медаль бар.

Эске сала кетсек, Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 153 спортчу барып, алар спорттун 17 түрү боюнча мелдешке катышышат.

Пикир

Оставить комментарий