• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

453 айыл өкмөттүн 79 өзүн-өзү камсыз кылып, калганы дотацияда турат

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү 453 айыл өкмөттүн 79 өзүн-өзү камсыз кылса, калган 374 же 82,5% айыл өкмөтү дотацияда турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги жана этностор аралык мамиле иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселеде шаарлардагы абал жакшы болуп, эки гана шаар дотацияда турат.

"Бүгүнкү күнү 453 айыл өкмөттүн 79 өзүн-өзү камсыз кылса, 374 же 82,5% айыл өкмөтү дотацияда турат. Шаарларда абал жакшыраак болуп 31 шаардын 29у өзүн-өзү камсыз кылып, 2 шаар (Көк-Жаңгак менен Айдаркен) дотацияда турат", - деди ал.

Ошол учурда ал белгилегендей, 2019-жылга карата 8 айыл өкмөтү дотациялык абалдан чыккан. Бирок 4 өзүн-өзү камсыз кылган айыл өкмөтү дотациялык абалга туш келген.

"Дотациялык абалга өтүүгө негизинен айыл өкмөттөрдүн чыгаша бөлүгү өсүп, теңдөөчү гранттардын берилишине байланыштуу болгон", - деди Байдылдаев.

Аны менен бирге ал, айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

"Айыл өкмөттөрдү дотациялык абалдан чыгаруу жана жергиликтүү бюджеттерди чыңдоо максатында киреше салыгынын ченемин жергиликтүү бюджеттердин пайдасына 2019-жылы 70%, 2020-жылы 85%, ал эми 2021-жылы - 100%га чейин көтөрүү сунушу Агенттик түзгөн жумушчу топтун ишинин алкагында иштелип чыкты. Бул сунуштар "2019-жылга республиканын бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөгү" КРнын мыйзамы менен каралды", - деди ал.

Сөзүнүн аягында Байылдаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин болжолдуу 40% каражаты мектептерди жана бала бакчаларды камсыздоо жана кармоо багытына жумшалат (электр энергия, көмүр, оңдоо, чарбалык иштер ж.б.).

Пикир

Оставить комментарий