• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бакашова: Кыргызстан Улуу Британиянын COVID-19га каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасын иликтөөгө кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министрлигиндеги директору/башкы илимий кеңешчиси, профессор Шарлотт Уоттс жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен видео жолугушуусу орун алды, анда COVID-19 каршы күрөшүү жана калкты вакцинациялоо менен кеңири камтуунун натыйжалуу ыкмалары талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова Улуу Британиянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, өзгөчө, COVAX эл аралык механизминин линиясы боюнча колдоо көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди жана Улуу Британиянын коронавирус инфекциясынын алдын алуу, дарылоо жана вакцинациялоо боюнча тажрыйбасын иликтөөгө кызыкдарлыгын билдирди.

«Биз башка өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды, анын ичинде Улуу Британиядагы кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз. Жарандарды эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү өтүп жаткандыгын белгилегибиз келет. Бүгүнкү күндө калктын 87% дан ашыгы вакцинаны алышты, анын аркасында COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдүн көбү алынып салынды. Бизди Улуу Британиянын коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жаатындагы тажрыйбасы абдан кызыктырат», - деп кошумчалады ал.

Профессор Шарлотт Уоттстун маалыматы боюнча, вакцинация темпи вакциналардын натыйжалуулугун илимий жактан аныктаган калкты маалымдоо темпинин, далилдүү базалардын кеңейтилишинин жана жаш көрсөткүчтү, кызыкчылыктарды, адистикти жана башкаларды эске алуу менен жарандарды тартууга багытталган таргеттелген механизмдерди пайдалануу негизинде олуттуу түрдө жогорулады.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргызстанда да калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштери аткарылып, биргелешкен маалыматтык кампанияны, жарнамалык акцияларды жүргүзүү үчүн жеке ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, адамдар массалык түрдө чогулган жерлерде убактылуу эмдөө пункттары ачылууда.

Белгилей кетсек, тажрыйба алмашуу иретиндеги аталган онлайн аянтча Жылдыз Бакашова менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарреттин 2021-жылдын 21-июнундагы жумушчу жолугушуусунан жыйынтыгы боюнча уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий