• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде айылдашын бычак менен сайып өлтүргөн жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Лейлек районунда өз айылдашын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун ИИБ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде Жаштык айылынын К.Тыныстанов көчөсүндөгү тилкесинде ошол эле айылдын тургуну 30 жаштагы Т.Ы., аттуу жарандын жансыз денеси табылган.

"Окуяга шектүү катары аталган айылдын 34 жаштагы С.А., аттуу тургуну кармалган. Шектүү менен маркумдун ортосунда пикир-келишпестик болуп, ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып өлтүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү окуя болгон күнү эле кармалган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий