• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде бир айдан бери жетпеген суу бир саатта келди

Аймак 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев бир айга чукул убактан бери суу көйгөйү чечилбей жаткан Баткен районунун Чоң-Талаа айылында таңкы саат 6.00дө атайын штаб өткөзүп, натыйжада бир сааттан кийин айылга суу жетти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын эли бир канча ирет облустук өкүлчүлүккө айылга суу жетпей, эгин талаалары, бак дарактары куурап жатканын айтып, кайрылышкан. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев бул маселе боюнча айыл эли менен жеринде жолугуп, маселенин чоо жайын иликтеп, тапшырмаларды берген.

Бирок тийиштүү жетекчилер берилген убакыттын ичинде айылга суу жеткире алган эмес. Буга байланыштуу өкүл 23-июнь күнү таңкы саат 6.00дө Чоң -Талаа айылында атайын штаб өткөрүп, суунун жоктугуна күбө болду.

Абиш Халмурзаев Чоң-Талаа айылына келүүчү суунун башындагы айылдардын элинин сууну максатсыз пайдаланып жаткан учурларын жөнгө салуу, сууну туура жана үнөмдүү пайдалануу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү, айылга жетиштүү деңгээлде суу жеткирүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырып, суу пайдалануудагы тартипти камсыз кылууда аймактык милициялар менен кошо иш алып баруу тапшырмасын койду.

Ошондой эле, быйылкы жылы Төрт-Гүл суу сактагычына суу жылдагыдан көп топтолгонун, суу таңкыстыгы боюнча маселе болбош керектигин айтып, тиешелүү жетекчилерден түшүндүрмө алды.

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Бердалиевдин маалыматында, Төрт-Гүл жана Дара айыл өкмөттөрүнө керектелүүчү 2,5 миң куб суунун ордуна 4,5 миң куб суу берилип жаткандыгын айтты. Бирок Суу пайдалануучулар ассоциациясы сууну бөлүштүрүү боюнча жумушту жетиштүү деңгээлде аткарбай жаткандыгын жана элдин тартипсиздигинен, өз алдынча ар бир жаран сууну буруп алып, сарамжалсыз пайдаланып жаткандыгынан суу таңкыстык маселеси жаралып жаткандыгын белгиледи.

Натыйжада Өкүл Абиш Халмурзаев жеринде өткөргөн штабдан соң, бир айдан бери келбей жаткан суу, бир сааттан соң жеткирилди.

Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мамашарип Бердалиевдин айтымында, учурда Чоң-Талаа айылына 700 кум суунун ордуна 1,2 миң куб суу берилип, эгин талааларына суу жетти.

Белгилей кетсек айылда 856 гектар айдоо жери бар, анын 120 гектары өрүк жана жүзүм бактары.

Пикир

Оставить комментарий