• 88.68
  • 95
  • 0.95

Белгилүү журналист, котормочу Токтосун Мамбеткулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 26.10.17. /Кабар/. 79 жаш курагында узакка созулган оорудан “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде котормочу болуп эмгектенген Токтосун Мамбеткулов дүйнөдөн кайтты.

Токтосун Мамбеткулов 1938-жылы Нарын облусунун Миң-Булак айылында төрөлгөн. КМУУ аяктагандан соң, көп жылдар бою журналист, котормочу болуп, КРдин бир катар ЖМКда редакторлук кызматты аркалап келген.

1977-жылдан тарта ал “Кабар” КУМА эмгектенип, 2009-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Мамбеткулов жаңылыктарды кыргыз тилинен орусчага жана орусчадан кыргызчага которгон алдыңкы котормочулардын бири болгон.

Т.Мамбеткуловдун эмгеги “Советтик Кыргызстан” гезитинин жана “Аскери билим” журналынын Ардак грамоталары, сыйлыктары жана “Кабар” агенттигинин Ардак грамота жана мактоо барактары менен бааланган.

2006-жылы Т.Мамбеткулов КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

“Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин жалпы жамааты Токтосун Мамбеткуловдун жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий