• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министри Бишкекте жашылдандыруу өнөктүгүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында жашылдандыруу өнөктүгүнө катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул иш-чара жыл сайын "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB) жана Ага Хан өнүктүрүү уюму (АКДН) менен биргеликте жазында уюштуруп келет.

Өнөктүктүн алкагында министр Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейин билим берүү уюмунда көчөт отургузду.

Кыргыз инвестициялык-кредит банкынын “Жашылдандыруу фонду” жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду мектептерде жана бала бакчаларда микроклиматты сактоо максатында жыл сайын миңден ашуун көчөт отургузуп келет. Быйыл бул акциянын алкагында өнөктүктүн алкагында 1130 бак-дарак отургузулду.

Өткөн жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду өнөктөштөр менен биргеликте борбор калаадагы 101 мектепти жана бала бакчаларды жашылдандыруу иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттердин натыйжасында 18 миң 600дөн ашык бак-дарак отургузулган.

Бул өнөктүк Кыргыз Республикасын жашылдандырууга жана экологиялык тазалыкка, коомчулукту жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жашыл шаарды келечек муундар үчүн сактоого арналган.

Пикир

Оставить комментарий