• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: Чаткалда 32 үй-бүлөгө сыналгы берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Чаткал райондук билим берүү бөлүмү профсоюз уюму менен биргеликте аймактагы мектеп, бала бакчаларда эмгектенген 81 (мугалим, кенже персонал) кызматкерге материалдык жардам көрсөтүштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, телевизорго муктаж үй-бүлөлөрдүн 32сине сыналгы жана 2 телефон берилди. Анын 18и мектептерден, калган 14ү демөөрчүлөрдүн жардамында чогултулган.

Мындан сырткары, райондук штаб оор шартта жашаган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк берди.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат.

Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий