• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Учкун кичи районунда, №19-үйдүн жанында "Мерседес-Бенц W124" үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Айдаркен-Кадамжай" унаа жолунун 6-чакырымында "Daewoo Matiz" үлгүсүндөгү унаа күйгөн.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылынын Борпошев Мамат-Ата көчөсүндө турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Жамансариев көчөсүндө турак үй күйү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок ал калп маалымат болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий