• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. 51 төрага шайланды

Коом 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарынын кеңештеринин уюштуруу сессияларынын биринчи күнүндө 51 төрага шайланды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сессиялардын жыйынтыгы боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку жана Ой-Тал айыл аймактарын кошпогондо, төрагаларды шайлоо пландалган график боюнча өттү. Алайку жана Ой-Тал айыл аймактарында шайлоо аба ырайы шарттарына байланыштуу жылдырылды.

Кеңештердин сессиялары 20-февралдан тартып 22-февралда өткөрүлөт. Жалпысынан Кыргызстан боюнча пилоттук административдик-аймактык реформанын алкагында 230 айыл аймагын бириктирүүнүн негизинде түзүлгөн бириктирилген айыл аймактарынын кеңештеринин 117 төрагасы шайланууга тийиш.

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин уюштуруу сессиялары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана аймактык шайлоо комиссияларынын уюштуруучулук жардамы менен бириккен айыл аймактарынын курамына кирген айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары тарабынан чакырылат.

Тѳрагаларды шайлоо КР президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу жобого” ылайык жүргүзүлүп жатат.

Жободо “айыл аймактарына бириктирилгенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук мураскору болуп кала” тургандыгы белгиленген.

Жобонун 8-пунктуна ылайык «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары бириккен айыл аймагынын же шаардык кеңештин же анын курамына кошулган, ѳздѳрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айыл аймагынын, калктуу конуштун курамында өз ишин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга же болбосо мыйзам менен жөнгө салынганга чейин сакталат».

Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн Убактылуу жобого (12-пункт) ылайык - “Айыл аймагы/аймактар ​​же айрым калктуу конуштар кирген шаарларда шаардык кеңештин статусу өзгөрбөгөндүктөн, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча сессия өткөрүлбөйт”. Шаардык кеңештерде кеңештин төрагасын шайлоо боюнча уюштуруу сессиялары өткөрүлбөй тургандыгын белгилѳѳ зарыл.

Бириккен айыл аймактарынын уюштуруу сессияларына консультациялык жардам көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишеним телефону - 1255 ишке киргизди, коомдук кабылдама - тел. 660240.

Маалымат иретинде: “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” КР президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен Кыргызстандын төмөнкү облустарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү каралган:

  • Баткен облусу (Кадамжай району);
  • Жалал-Абад облусу;
  • Ысык-Көл облусу;
  • Ош облусу;
  • Талас облусу;
  • Чүй облусу;
  • Бишкек жана Ош шаарларында.

Жалпысынан республика боюнча 484 жергиликтүү кеңеш (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш) бар. Административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдүн натыйжасында жалпысынан 268 жергиликтүү кеңеш (33 шаардык жана 235 айылдык кеңеш) болот.

Пикир

Оставить комментарий