• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек менен Бакуну байланыштырган туруктуу аба каттам ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын борбор шаарларын байланыштыра турган жаңы авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-июлунан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Баку – Бишкек – Баку багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну пландаштырууда.

Белгиленгендей, каттам жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылат.

AZAL авиакаттамдарына билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

"Манас" аэропорту авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана ошондой эле авиабилеттердин баасына таасир этпей турганын жана жөнгө сала албастыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий