• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы көчөт отургузуу иш чарасына калаа тургундарын чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын көчөт отургузууга чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш чара 16-сентябрда саат 10:00 тарта Токомбаев көчөсүндөгү 12-кичирайондон Шабдан баатыр көчөсүнө чейин дарактар отургузулмакчы.

Иш чаранын алкагында 600 дарак жана 300 бадал отургузулат.

Калаанын көрктөндүрүү ишине катышууну каалаган шаар тургундарына “Жашылдандыруу” ишканасы керектүү шаймандарды берет.

Пикир

Оставить комментарий