• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Бир аял каза болуп, жетөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда эки жеңил унаа кагылышып, бир аял каза болуп, дагы жети адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кырсык 22-майда болжол менен саат 16:30да унаа жолдун 308-чакырымында катталган.

Маалыматка ылайык, “Audi” жана “Subaru Forester” унаалары кагылышып, натыйжада 36 жаштагы аял окуя болгон жерден каза болгон.

Жети адам ар кандай жаракаттары менен Токтогулдагы ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий