• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык: Жолдун тайгактыгы 4 адамдын өмүрүн алды

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Бишкек-Торугарт-Нарын унаа жолунда кырсык болуп, төрт адам каза болду,-деп билдирет КР ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-мартта болжол менен саат 08:15 чамасында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа чыгышты көздөй бара жатып Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 56-чакырымында аба ырайына байланыштуу рулду башкара албай, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.

“Өз тилкесинде бара жаткан “Ауди- 100” үлгүсүндөгү унаа кагылышуудан качуу максатында солго буруп, тилекке каршы “Хонданын” артында бара жаткан “Тойота-Алтеза” унаасы менен кагылышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын натыйжасында “Тойота-Алтеза” үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 41 жаштагы А.А., аттуу жүргүнчү алган жаракаттан улам жеринде каза болгон. Ошондой эле Ат-Башы районунун үч жашоочусу реанимацияда каза болушкан. “Ауди-100” унаасынын айдоочусу 40 жаштагы Токмок шаарынын тургуну ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жолдун тайгактыгы кырсыкка себеп болгон.

Соттук-медициналык жана унаа техникалык экспертиза дайындалып, иликтөө башталды.

“ИИМ ЖКККББ бардык айдоочуларды жолдо сак болууга чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий