• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.17. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт Чутская көчөсүнүн №15 дарегинде 21-декабрда болжол менен саат 16:18де катталган.

“Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Өрттөн 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйгөн.
Өрт Чутская көчөсү №15А дарегинде барак тибиндеги турак үйдүн чатырына өтүп, натыйжасында 6 чарчы метр чатыры жана Тешебаев көчөсүнүн №99А дарегинде 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры кошо күйгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий