• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бирөө каза болуп, экөө жабыркады. Россияда КР жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Россиянын Шадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 25-апрелде Екатеринбург – Шадринск – Курган унаа жолунда катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Жеңил автоунааны Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган КР жараны Б.уулу. алган жараатынан жеринед каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу Н.Ч жана жүргүнчү 1999-жылы туулган М.кызы ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга "жүк-200" жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий