• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бизнести коргоо боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Башкы прокуратурасынын имаратында Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Башкы прокуратуранын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышып, ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган орчундуу маселелер талкууга алынды.

Анда 2022-жылга бекитилген Иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында Консультативдик кеңеш тарабынан бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды жана чечимдерди иштеп чыгуу, ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келүүчү системалык көйгөйлөрдү аныктоо боюнча бир катар иштер аткарылганы белгиленди.

КР президентинин “Укук коргоо жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндөгү” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Башкы прокуратура менен бизнес-коомчулуктун биргелешкен ишинин жыйынтыгында “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси презентацияланды. Аталган маалыматтык система бизнеске карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү электрондук форматта каттоону камсыз кылат.

Консультативдик кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча 2023-жылга Иш-чаралар планы бекитилип, анын милдеттери катары салык текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүн прокуратура органдарында катталуучу текшерүүлөрдүн тизмесине киргизүү, жарандык-административдик тартипте чечилүүгө тийиш болгон учурларда кылмыш иштерин козгоого жол бербөө жана аткезчиликке каршы күрөшүү маселелери аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий