• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 19 жаштагы кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочу 2 айга камалды

Кырсык 0


Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Бишкектеги “Россия” кино театрынын жанында кызды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу СИЗОго эки айга камалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айдоочуга карата кылмыш иши козголду, учурда Биринчи май райондук соту шектүүнү СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Иликтөө уланууда.

Эске сала кетсек, 14-апрелде болжол менен таңкы саат 04:40 чамасында Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проспектисинин (кино театрдын маңдайында) кесилишинде жол кырсыгы катталып, натыйжада жөө жүргүнчү каза болгон. “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 19 жаштагы кызды коюп кеткен, ал алган жаракаттан улан ооруканадан көз жумган.

Социалдык түйүндөрдө активист Болот Ибрагимов кырсыктын видеосун жарыялаган. Ал ошондой эле кызды коюп кеткен айдоочу мурдагы ИИМ кызматкеринин баласы экендигин көрсөткөн. ШИИББден бул суроого жооп бере алышкан жок.

Пикир

Оставить комментарий